Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:48

Вандагы террордук чабуулда каза тапкан кыргыздын сөөгү жерге берилет


Түркиянын Ван провинциясында террорчулардын кол салуусунан мерт болгон кыргыз Туратбек Гүрожактын тажыясы бүгүн болот. Бул тууралуу Түркиядагы этникалык кыргыздар коомунун жетекчиси Курманбек Кутлу “Азаттык” радиосуна маалымдады.

10-июлга оогон түнү Эржиш районунда террорчулар тобу жардыргыч салынган автоунааларды жардырып, бир аскер жана Вандагы кыргыздар жашаган Улуу Памир айылынын күзөтчүсү Туратбек Гүрожак набыт кеткен. Дагы беш кыргыз жеңил жаракат менен ооруканада жатканы кабарланды. Улуу Памир айылында үч миңдей кыргыз жашайт. Алар Ооганстандан көчүп барып, Түркияны байырлап калгандар. (NT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG