Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:14

Укук коргоочу Исмаилова сотто Аскаровдун коомдук жактоочусу болот


Укук коргоочулар Нурбек Токтакунов, Төлөйкан Исмаилова жана Азиза Абдирасулова
Укук коргоочулар Нурбек Токтакунов, Төлөйкан Исмаилова жана Азиза Абдирасулова

"Бир дүйнө Кыргызстан" кыймылынын негиздөөчүсү, укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова Азимжан Аскаровдун коомдук жактоочусу болот. Бүгүн Жогорку Сотто башталып жаткан соттук жараянга ал ушундай макамда катышмай болду.

Исмаилова боюнча сотко өтүнүчтү Аскаровдун адвокаттары Нурбек Токтакунов менен Валерьян Вахидов келтирди. Сот аны канааттандырды.

Ушул жылдын апрель айында Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча комитети кыргыз бийлигин Аскаровду абактан бошотуп, сот өкүмүн жокко чыгарууга чакырган. Анда укук коргоочу мыйзамсыз камалганы, кыйноого туш болгону, сот адилеттүү чечим чыгарбаганы жана өзүн коргоого мүмкүнчүлүк берилбегени, абакта оор шартта отурганы айтылган.

Аскаровду күнөөлүү деп эсептеген тарап аны бошотуууга каршы болуп келет.

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда жашаган Азимжан Аскаров 2010-жылы июнь коогасына байланыштуу камакка алынган. Ага “улут аралык жаңжалды козуткан, калайман башаламандык уюштурган жана адам өлтүрүүгө аралашкан” деген айып тагылып, өмүр бою эркинен ажыратылган. (BkA)

XS
SM
MD
LG