Линктер

Ушу тапта Жогорку Сотто Азимжан Аскаровдун иши каралууда. Баяндамачы соттук материалдарды окуй баштады. Бирок залда азырынча жабыркаган тарап жок.

Судьялардын айтуусунда, алар кечигип жатат.

Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча комитетинин эксперттери быйыл 20-апрелде Азимжан Аскаровду абактан бошотуп, аны айыптаган өкүмдү жокко чыгарууга, зарыл болсо жаңы соттук жараян жүргүзүүгө Кыргызстанды чакырган. Жогорку Сот эгерде Азимжан Аскаров арыз менен кайрылса, жаңы жагдайлар териштирилерин билдирген.

Аскаров 2010-жылы Июнь окуясында улуттук кастыкты козуткан, массалык башаламандык уюштурган жана милиция кызматкерин мыкаачылык менен өлтүрүүгө катышкан деген айып менен өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратылган.

Аталган окуяда мерт болгон милиция кызматкери Мыктыбек Сулаймановдун жубайы Чынара Бечелова Аскаровдун ишинин кайра каралышына каршы чыгып, зарыл болсо өзү да БУУга кайрыларын айтууда.

Азимжан Аскаров Бишкектеги №47 абакта жазасын өтөп жатат. (BkA)

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG