Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:54

Токтакунов: Кыргызстан БУУнун сунушун аткарууга милдеттүү


Аскаровдун адвокаттары Нурбек Токтакунов жана Валерьян Вахидов

Аскаровдун адвокаттары Нурбек Токтакунов жана Валерьян Вахидов

БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Аскаров мыйзамсыз кесилгенин таанып, аны бошотууну суранган, Кыргызстандын соту муну аткарышы керек, болбосо өлкөнүн кадыр-баркына доо кетиши мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Сотто сүйлөп жатып Аскаровдун адвокаты Нурбек Токтакунов айтты.

- Сиздер кырдаалды туура нукка буруп, бардык тартип коргоо системасына сигнал бере аласыздар. Бул биздин эл аралык милдеттерибиз. Бул иш өлкөдөгү сот реформасынын жүрүшүнүн көрсөткүчү. Эгер БУУнун чечими эске алынбаса өлкөдө адам укуктарын бузуу, кыйноолор улана берет, - деди Токтакунов.

Жалал-Абад облусунан укук коргоочу Азимжан Аскаров Жогорку Соттун чечими менен 2010-жылдагы Июнь окуясына айыптуу деп өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган. Көптөгөн укук коргоочулар жана эл аралык уюмдар ал күнөөсүз экенин айтып келет.

Быйыл жазында БУУнун Адам укуктары боюнча комитети кыргыз бийлигине кайрылып, анын ишин кайра кароону сунуштаган.

Бул сунуштун негизинде териштирүү Жогорку Сотто ушул тапта уланууда. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG