Линктер

Сомалиде Аль-Шабаабдын чабуулунан 10 аскер курман болду


Сомалидеги 2016-жылдын 22-январдагы теракттан кийин.

Сомалидеги 2016-жылдын 22-январдагы теракттан кийин.

Сомалинин борбору Могадиши шаарынын түштүк-батышындагы аскердик базага 11-июлда жоочулар кол салып, кеминде 10 аскер курман болгону кабарланды. Майор Ахмед Фарах Рейтер маалымат агенттигине оор атышуулар бир нече саатка созулганын, анда 12 жоочу жок кылынганын кабарлаган.

Аль-Каида менен байланышкан аль-Шабааб тобу батыш колдогон өкмөттү жоготуп, катаал диний шарттагы бийликти орнотууга аракеттенип келет. Сомали бийликтери Могадишинин түштүгүндө Аль-Шабаабдын аскердик кампалары 10-июлда жоготулганын билдирген. Бул уюм Сомали жана кошуна өлкөлөрдө жарандык жана аскердик объекттерге кол салып келет. Январь айында Кения аскердик базасына кол салууда 180 аскер набыт болгонун Сомали бийлиги кабарлаган. (AiT)

XS
SM
MD
LG