Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:16

Түндүк Корея АКШнын абадан коргонуу системасына карата чара көрөрүн билдирди


Түндүк Кореяда ракета сыноосу.

Түндүк Кореяда ракета сыноосу.

Пхеньян Түштүк Кореяда Кошмо Штаттар орнотууну көздөгөн ракетадан коргонуу системасына каршы “күчтүү чара көрөрүн” эскертти. Сеул жана Вашингтон Түндүк Кореядан келип жаткан ракеталык коркунучка байланыштуу абадан коргонуу THAAD системасын орноторун 8-июлда билдирген. Бирок ал система качан жана кайсы жерге орнотулары айтылган эмес.

Абадан коргонуу системасын куруу тууралуу билдирүү Кошмо Штаттар Түндүк Корея лидери Ким Чен Ынга каршы санкция киргизгенден бир күндөн кийин чыкты. Пхеньян андай системаны орнотууну “согуш жарыялоо” катары кабылдарын билдирүүдө. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG