Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:45

Тегеран прокурору Иран жана Ливан жарандарынын ишин сотко өткөрдү


Иранда Ливан жана башка өлкөлөрдүн жарандыгы бар адамдардын эмне менен айыпталгандыгы белгисиз. Тегеран прокурору Жафари Долатабади Иран жана Канада академиги Хома Худвар, иран-америкалык ишкер Сиамак Намази жана иран-британ жараны Назанин Закхари-Рэдклиф, ливандык эксперт Низар Закканын иши сотко берилгенин 11-июлда кабарлап, бирок аларга кандай айып коюлганын айткан жок.

Худвар, Намази жана Закхари-Рэдклиф Ирандагы туугандары менен көрүшүүгө барганда кармалган. Закка Кошмо Штаттарда жашоого уруксат алган жана АКШнын өкмөтү үчүн иштеген. Ал өткөн жылы камакка алынган. Ал кезде Иран жана ири алты мамлекет Ирандын ядролук программасы боюнча сүйлөшүү жүргүзүп жаткан. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG