Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:39

Сирияда аба соккусунан сегиз киши набыт болду


"Ал-Жазира" телеканалы анын штаттан сырткаркы кабарчысы да Идлиб провинциясындагы Терманин шаарына 11-июлда урулган сокку маалында өлгөнүн кабарлады. Ибрагим ал-Омар "Ал-Жазира" менен кызматташып, маалымат берип келген.

Жергиликтүү активисттер абадан урулган соккудан 8 киши өлгөнүн кабарласа, Британияда жайгашкан Сириянын адам укуктары уюму набыт болгондордун саны 14 экенин маалымдаган.

"Ассошейтед пресстин" маалыматы боюнча, Ибрагим ал-Омар Терманим шаарына биринчи сокку урулгандан кийин маалымат алуу үчүн барган. Бирок экинчи сокку анын өмүрүн алган.

2011-жылы Сирия согушу тутангандан бери "Ал-Жазиранын" алты журналисти набыт болгон. Парижде жайгашкан "Чек арасыз кабарчылар" уюмунун маалыматы боюнча 2015-жылы Сирияда жети, 2014-жылы 15 журналист мерт болгон. (AiT)

XS
SM
MD
LG