Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:49

Керри Москвада орус бийлигинин өкүлдөрү менен жолугушат


Жон Керри.
Жон Керри.

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керринин Орусияга сапары 14-15-июлга белгиленген. Расмий Вашингтондун билдирүүсүндө, тараптар Сирия, Украина жана Тоолуу Карабактагы Армения менен Азербайжандын ортосундагы тирешүү боюнча сүйлөшөт. Керри кимдер менен жолуга турганы ачык айтыла элек.

Сапар тууралуу АКШ президенти Барак Обама жана Орусия башчысы Владимир Путин 7-июлда телефон аркылуу сүйлөшкөндө макулдашылган. Өлкө жетекчилери Сириядагы абалды, Украинадагы каатчылыкты жана Тоолуу Карабактагы араздашууну талкуулашкан. Москвадан кийин Керри Люксембургга, андан ары Брюсселге барууну көздөөдө. Ал жакта Евробиримдиктин дипломатия башчысы Федерика Могерини менен тышкы саясат маселесин талкуулайт.

XS
SM
MD
LG