Линктер

Бишкектен «Манас» эл аралык аэропортуна кетчү жолду оңдоо иштеринде мүчүлүштүк бар деген жүйө менен премьер-министр Сооронбай Жээнбеков транспорт жана жолдор министри Замирбек Айдаровго сөгүш жарыялады. Министрге мындай жаза 11-июлда автожолдорду реконструкциялоо жана оңдоо боюнча долбоорлордун ишке ашырылышын талкуулаган жыйында берилгенин өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жээнбеков аталган каттамды капиталдык оңдоодон өткөрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин сапатын сындап, жол оңдоп жаткан ишканага катуу талап коюуну тапшырды. 8-июлда Сооронбай Жээнбеков Бишкек – «Манас» жолунун курулушун көрүп чыккан. Бүткөрүлгөн аймактарда иштин сапаты төмөн деген нааразылык билдирген. (NT)

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG