Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:43

Текебаев Бишкектин тарыхый борборун оңдоону сунуштоодо


Парламенттеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Текебаев бүгүн жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн жыйын куруп, “Бишкектин тарыхый борборун реконструкциялоо жана өнүктүрүү жөнүндө” мыйзам долбоорун түшүндүрүп берет. Бул тууралуу аталган фракциянын катчылыгынан кабарлашты.

Текебаев пландуу бир багыт жок болгондуктан башкалаа башаламан өнүгүп жатканын, жер натыйжалуу пайдаланылбай, башкы план боюнча ири комплекстер курула турган жерлерде майда-чүйдө үйлөр салынып, талаптар аткарылбай жатканын айтууда.

Мындан улам борбордун архитектуралык көрүнүшүн оңдоо сунушталууда. Анын билдиришинче, Бишкек шаарындагы тарыхый борбор деп аталган жердин аянты 1,5 гектар. Аталган мыйзам долбоор ушул тарыхый аймакты реконструкциялоого багытталган. Конституцияга ылайык жеке менчик мамлекеттик, коопсуздук жана адам укугун сактоо максаты менен мамлекет эсебине алынса болот. Андан тышкары соттун чечими менен коомдук жана мамлекеттик керектөөлөр үчүн мамлекеттик же муниципалдык менчикке өтүшү мүмкүн.

Бул демилгеге ордо калаанын борборунда орун алган турак-жайлардын ээлери нааразылык билдирип жатышат. Текебаев документте үй ээлеринин укугун коргоо жолдору да көрсөтүлгөнүн белгилеп, аларды жеке кызыкчылыкты эмес, жалпы шаардын кызыкчылыгын ойлоого чакырууда. (NT)

XS
SM
MD
LG