Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:11

Өкмөт турак-жай тууралуу интернетте тараган кайрылууга комментарий берди


Калкты турак-жай менен камсыз кылуу үчүн Кыргызстан Кытай менен инвестициялык келишим кабыл алганы жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Кыргыз өкмөтү бүгүн ушундай билдирүү таратып, өзүн "Турак-жай курулуш кооперативдер коалициясы" деп атаган уюмдун интернет аркылуу жарыялаган кайрылуусунда айтылгандарды четке какты.

Буга чейин интернетте видеокайрылуу тарап, анда аталган уюм өкүлдөрү кыргыз өкмөтү менен келишимге кол коюп, Кытайдан инвестор тартканы жатканын билдирген.

"Бул маалымат чындыкка дал келбейт жана элди адаштырууда" деп айтылат өкмөттүн билдирүүсүндө.

Өкмөт 2015-2020-жылдарга карата элди жеткиликтүү турак-жай менен камсыз кылуу программасын кабыл алган. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG