Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:55

AI: Жогорку Сот Аскаров боюнча БУУнун негизги сунушун аткарган жок


Кыргызстандын Жогорку Соту Аскаров боюнча БУУнун негизги сунушун аткарган жок. Мындай пикирин бүгүн "Азаттыкка" эл аралык Amnesty International уюмунун Борбор Азия боюнча кеңешчиси Татьяна Чернобиль билдирди. Анын айтуусунда, Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча комитети Аскаров мыйзамсыз камалганын белгилеп, аны бошотуу сунушун берген.

- Биз Жогорку Соттон Кыргызстан өзүнө алган эл аралык милдеттенмелерди аткарабы же жокпу деген суроого байланыштуу пикирин уга алган жокпуз, - деди Чернобиль.

Бүгүн Кыргызстандын Жогорку Соту Азимжан Аскаров боюнча буга чейин өзү жана Жалал-Абад облустук соту чыгарган өкүмдөрдү жокко чыгарып, ишти Чүй облусуна кайра кароого жөнөттү. (BkA)

XS
SM
MD
LG