Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:00

Канжар Кадыралиевден жабыркадык дегендер президенттен жардам сурады


Канжар Кадыралиев.
Канжар Кадыралиев.

Канжар Кадыралиевдин сотунда жабыркагандар катары өтүп жүргөндөр ал үй камагында жүрүп алып кысым көрсөтүп жатканын билдирүүдө. Кадыралиевге ашканасын, үйүн тарттырып жибергенин айткан ишкер Мирлан Жолдошов президентке кайрылып, коргоп берүүсүн өтүндү:

- Өткөн жылы Октябрь райондук сотунда карала баштаган сот иши белгисиз себептер менен улам бир судьянын колуна өтүп, жылып келди. Кийинчерээк ишти Бишкек шаар сотуна жиберишти. Ошентип ар кандай себептер менен сот башталбай келе жатат. Биз мунун артында Канжар Кадыралиев жана анын сот тармагындагы тааныштары турат деп ойлойбуз.

Мурунку прокуратура кызматкери Канжар Кадыралиевдин мыйзамсыз иштерине даттанган бир нече киши күч түзүмдөрүнө кайрылган. Бир топ арыздардан улам Башкы прокуратура ага карата бейбаштык, опузалоо жана өзүмбилемдик беренелери боюнча кылмыш иш козгоп, аны Ош шаардык прокуратурасындагы ээлеген кызматынан бошоткон.

Кадыралиев беш айга жакын качып жүрүп, 2015-жылы март айында прокуратурага өз эрки менен келген эле. Жогорку сот алгач анын баш коргоо чарасын №1 тергөө абагында өтөөнү чечим кылса, быйыл январь айында үй камагына алмаштырган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG