Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:23

Багдаддагы жардыруудан тогуз адам мерт кетти


Соңку эки аптадан бери Иракта ири терактар күч алды.
Соңку эки аптадан бери Иракта ири терактар күч алды.

Ирактын баш калаасы Багдадда болгон жардыруудан кеминде тогуз адам курман болуп, отуздайды ар кандай деңгээлдеги жаракат алышты. Теракт негизинен шииттер отурукташкан Рашидия районунда болду. Жоопкерчиликти азырынча эч ким өз мойнуна ала элек.

Өкмөттүк күчтөрдүн “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна каршы ири операция башталганы өлкөдө теракттар күч алды. 3-июлда болгон жардыруу 290дон ашуун адамдын өмүрүн алган. Ал теракт үчүн жоопкерчиликти аталган экстремиттик уюм өз мойнуна алган.

Июнь айынын соңунда Ирак армиясы Багдаддан өтө алыс жайгашкан Фаллужа шаарын экстремисттерден бошоткон. Ал эми өткөн ишембиде Мосул шаарынын жака белиндеги авиабаза өкмөттүк күчтөрдүн карамагына өттү.

XS
SM
MD
LG