Линктер

Июнь окуясында адам өлтүрүүгө катышкан деген айып менен өмүрүнүн акырына чейин соттолгон Азимжан Аскаров боюнча Жогорку Сотто бүгүн кабыл алынган чечимге жабыркаган тарап нааразы. Маркум милиционер Мыктыбек Сулаймановдун жесири Чынара Бечелова:

- Мен чындыгы жок, адилети жок Кыргызстанда жашаарыма дагы бир жолу ынандым. Мен нааразымын. Прокурор Аскаровдун күнөөсү бар экенин толук баяндап берди го. Анда эмне үчүн соттун чечими бузулуш керек? - деди.

Бүгүн Кыргызстандын Жогорку Соту Азимжан Аскаров боюнча буга чейин өзү жана Жалал-Абад облустук соту чыгарган өкүмдөрдү жокко чыгарып, ишти Чүй облусуна кайра кароого жөнөттү. (BkA)

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG