Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:48

Актөбөдө “ИМ” эктремисттик тобуна кошулууну көздөгөн 12 киши кесилди


Актөбө калаасунун соту эркинен ажыратылгандардын укугун түшүндүрүүдө.

Актөбө калаасунун соту эркинен ажыратылгандардын укугун түшүндүрүүдө.

Казакстандын Актөбө шаардык соту жергиликтүү 12 тургунду “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун катарына кошулуу аракети үчүн алты жылдан сегиз жылга чейин абакка кести. Соттун маалымат катчысы Анар Айтжанованын билдиришинче, камалгандар терроризмге көмөктөшүү, экстремисттик уюмду каржылоо жана радикал уюмга кирүү аракети үчүн күнөөлүү деп табылды.

Кесилгендердин эң жашы 20 да, ал эми улуусу 67де. Баарынын туруктуу иштеген жерлери жок. Үчөө мурда соттолгон. Соттун материалдарына ылайык, алар экстремисттик топ менен интернет аркылуу байланышып, жасалма паспорт менен сыртка чыгуунун аракетин көрүп жатышкан.

Ар кандай маалыматтар боюнча, Сирия жана Ирактагы “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун катарына кошулуп кеткен казакстандыктардын саны 500дөн ашат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG