Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:50

Дагестанда согушкер деген адам жок кылынды


Мискинжа айылындагы атайын операция учурунда.

Мискинжа айылындагы атайын операция учурунда.

Орусиянын Дагестан жумуриятында өткөн атайын операция учурунда терорист деп шектелген адам жок кылынды. Тийиштүү мекемелердин өкүлдөрү билдиргендей, Адмир Талибов колго түшүп берүүдөн баш тартып, коопсуздук күчтөрүнө карай ок чыгарганда өлтүрүлгөн. Окуя Дозукпаринск районунун Мискинжа айылында болгон.

Орусиянын Улуттук тероризмге каршы комитети маалымдагандай, Талибов “Южный” деп аталган кылмыштуу топтун мүчөсү болгон. Ал буга чейин федералдык издөөдө жүргөн. Комитет ошондой эле Талибов февралда Дагестанда болгон теракттарга да катышы бардыгын билдирди.

Дагестанда февраль айында уюштурулган терактта 18 жай тургун жана эки полиция кызматкери курман болгон.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG