Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:36

Түштүк-Казакстан облусунда 3000дей адам тыюу салынган диний кыймылдарга мүчө


Чымкенттеги имамдардын жыйыны.
Чымкенттеги имамдардын жыйыны.

Бул тууралуу бүгүн Чымкентте өткөн облус имамдарынын жолугушуусунда аймактын башкы имамы Амантай Садиев билдирди. Ал облуста мындай тыюу салынган жети кыймыл бардыгын кошумчалады.

-Салттуу эмес кыймылдардын мүчөлөрүн сакалдарынан, кийген кийимдеринен эле байкаса болот. Алардын эң башкы айырмачылыгы: "Аллах кайда?"- деген суроого "Асманда"- деп жооп беришет,-деди имам Садиев.

Анын ырасташынча, Түштүк-Казакстан облусунда азырынча диний кырдаал туруктуу сакталууда.

Жыйында экстремизмди жайылтууга бөгөт коюу, Меккеге ажылык жасоо алдындагы уюштуруу маселелери талкууланды

XS
SM
MD
LG