Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:15

Кенжеевдин Олимп оюндарына жолдомосу берилгени ырасталды


Жанарбек Кенжеев "Азаттыктын" студиясында. 17-июнь, 2016-ж.
Жанарбек Кенжеев "Азаттыктын" студиясында. 17-июнь, 2016-ж.

Биргелешкен күрөш дүйнөсү (United World Wrestling) уюму кыргыз балбаны Жанарбек Кенжеевдин Бразилиядагы Олимп оюндарына катышарын расмий тастыктады. Бул тууралуу 12-июлда Кыргызстандын күрөш федерациясы тараткан маалыматта айтылат.

Маалыматка караганда, Биргелешкен күрөш дүйнөсү уюму Кыргызстандын күрөш федерациясы менен Улуттук Олимпиада комитетине расмий кат жолдогон. Катта мельдонийдин өлчөмү уруксат берилген чектен ашпаган беш балбанга аталган уюм тарабынан мурда кабыл алынган чечим жокко чыгарылып, Олимп оюндарына жолдомолору кайтарылып берилгендиги жазылган. Алардын катарында Кенжеев да бар.

85 килограммга чейинки салмакта күч сынашкан грек-рим күрөшчүсү Жанарбек Кенжеев март айында Астанада өткөн Азиялык лицензиялык мелдеште финалга чыгып Олимп оюндарына жолдомо алган. Бирок мелдештен кийин тапшырылган допинг тест оң натыйжа берип, канынан тыюу салынган мельдоний заты 0,85 мг өлчөмүндө табылды деген негиз менен анын жолдомосу 11-майда индиялык балбанга берилген эле.

Кенжеевдин кайтарылган жолдомосун кошкондо ушул учурда Кыргызстандын эсебинде Олимп оюндарына 18 жолдомо бар.

Буга чейин жеңил атлетчилер Дарья Маслова, Мария Карабицкая, Юлия Андреева, Виктория Полюдина жана Илья Тяпкин, грек-рим күрөшчүлөрү Арсен Эралиев, Мурат Рамонов, эркин күрөшчүлөр Магомед Мусаев, Айаал Лазарев жана Айсулуу Тыныбекова, боксчу Эркин Адылбек уулу, дзюдочулар Отар Бестаев жана Юрий Краковецкий, сууда сүзүүчүлөр Дарья Таланова менен Денис Петрашов олимпиадага катышууга жолдомо алышкан. Ошондой эле оор атлетика боюнча улуттук курама командага бир жолдомо берилген. (ECh.)

XS
SM
MD
LG