Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:02

Гаага соту: Кытай Түштүк-Кытай деңизине ээлик кылууга укугу жок


Кытай Түштүк-Кытай деңизине абадан коргонуу системасын орнотуп жатканы айтылып келет
Кытай Түштүк-Кытай деңизине абадан коргонуу системасын орнотуп жатканы айтылып келет

Кытай Түштүк-Кытай деңизиндеги талаштуу бөлүктөргө ээлик кылууга тарыхый укугу жок жана мамлекет өз аракеттери менен Филиппиндин төбөлсүздүк укугун бузган. Мындай чечимди Гаага сотунун туруктуу палатасы шейшембиде чыгарганын "Рейтерс" агенттиги жазды.

Кытай тарап угууларды бойкоттоп, трибуналдын чечимин таануудан баш тартып, Түштүк-Кытай деңизиндеги өз кызыкчылыгын аскерий күч колдонуу менен болсо да коргоого даяр экенин билдирди.

Сотко болсо доо арыз менен Филиппин мамлекети 2013-жылы кайрылган. Расмий Манила Бээжин деңиздеги талаш аралчаларды өздөштүрүү аракетинде аларга гана караштуу болгон 320 чакырымдык экономикалык зонага да кирип кетти деп эсептейт.

Кытай абдан маанилүү суу жолу катары саналган жана кен байлыктарга бай Түштүк-Кытай деңизинин 80 пайызын өзүнө таандык деп эсептейт. Бул аймакты Кытай менен Филиппинден башка Вьетнам, Тайвань, Малайзия жана Бруней да талашып келет.

XS
SM
MD
LG