Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:51

Жол кырсыгы үч адамдын өмүрүн алганы кабарланууда


Иллюстрация
Иллюстрация

Бүгүн түштө Ысык-Көл облусундагы Тамчы аэропортуна жакын аймакта эки автоунаа кагылышып, андан үч адам каза тапканы кабарланууда. Бул тууралуу окуяга күбө болгон Назгүл Насиева билдирди. Анын маалыматына караганда, эки машине бетме-бет кагылышкан.

Ички иштер министрлиги жол кырсыгы болгонун "Азаттыкка" ырастады. Учурда ыкчам топ жеринде иштеп жатканы, канча адам каза болгону азырынча белгисиз экени жана так малымат иликтөө иштери аяктагандан кийин белгилүү болору кабарланды. (NT)

XS
SM
MD
LG