Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:24

Качкындар кризиси менен терорчулуктун ортосунда байланыш бар


Өткөн жылы Европага бир миллиондон ашуун качкын кирген.
Өткөн жылы Европага бир миллиондон ашуун качкын кирген.

Евробиримдикке мүчө он өлкөдө жүргүзүлгөн иликтөө европалыктардын көпчүлүгү качкындар кризиси менен Европадагы терроризм коркунучунун ортосунда түз байланыш бар деп эсептешерин көрсөткөн.

Өткөн жылы Европага бир миллиондон ашуун качкын кирген. Алардын басымдуу бөлүгү Сирия, Ирак жана Ооганстандан. Көбү Германия жана Швециядан баш паанек сурашкан. Вашингтондогу Pew иликтөө борбору жүргүзгөн сурамжылоонун жыйынтыгына ылайык, он өлкөнүн сегизи качкындар терроризм коркунучун күчөтөрүн айтышкан.

Бул тизменин башында Венгрия жана Польша турат. Бул эки өлкөгө тең аз сандагы качкындар киришкен. Сурамжылоо Германия, Швеция, Нидерланддар, Британия, Франция, Испания, Италия жана Грецияда да өткөрүлгөн. Эң көп сандагы качкындарды Германия менен Швеция кабыл алган.

Ошондой эле иликтөөдө Евробиримдиктеги ашынган оңчул партиялар качкындаргы каршы үгүт иштерин колдонуу менен өз популярдуулугун жогорулатып жатканы белгиленген. Алардын ичинде Франциядагы "Улуттук фронт", Германиядагы "Альтернатива" жана Австриядагы "Эркиндик" партиялары бар.

XS
SM
MD
LG