Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:50

Хорватиялык сербдердин лидери Горан Хажич көз жумду


Горан Хажич.
Горан Хажич.

Хорватиялык сербдердин лидери, 1991-95-жылдардагы калаба боюнча айыпталган Горан Хажич 12-июлда көз жумду. Маалыматтарда ал 57 жаш курагында “оор дарттан” каза тапканы айтылат. Хажичке улуту серб эмес миңдеген кишилердин өлтүрүлүшүнө байланыштуу 14 айып коюлган.

Быйыл апрелде мурдагы Югославия боюнча эл аралык трибунал Горан Хажич мээдеги рак илдетинин акыркы баскычы менен ооруп жатканына байланыштуу анын үстүнөн жүрүп жаткан сот ишин токтоткон. Ал бир канча жыл чет элде качып жүрүп, 2011-жылы кырмалган эле. Сот жараяны 2012-жылы башталган. Хажич өзүн актоого далилдүү аргументтерди көрсөтө баштаган учурда илдет тууралуу диагноз коюлган.

XS
SM
MD
LG