Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:44

АКШнын Өкүлчүлүктөр палатасы Иран менен ядролук келишимге каршы добуш берүүгө камданууда


Добуш берүү 13-июлга белгиленген. Барак Обаманын администрациясы өткөн жылы жетишкен келишимди жокко чыгаруу боюнча мыйзам долбоорунда ошондой эле Иранга каршы террорчулук жана адам укуктарына байланыштуу санкцияларды киргизүү мүмкүнчүлүгү каралган.

Өкүлдөр палатасынын долбоорунда Иранга Американын финансылык системасына кирүүсүнө, долларды пайдалануусуна жана ядролук программада колдонулчу “оор сууну” сатып алуусуна тыюу салуу каралган. Республикачылар көзөмөлдөгөн Өкүлдөр палатасы жана Сенат өткөн жылкы ядролук келишимге каршы чыккан. Алар Ирандын баллистикалык ракета сыноолорун чагым катары аташкан.

Бирок Өкүлдөр палатасындагы демократтар лидери Нэнси Пелоси ядролук келишимди бузууга багытталган долбоорго каршы добуш берүүгө демократтарды чакырды. Акүй Иран менен жетишилген ядролук келишимди бузууга багытталган мыйзам долбооруна вето коюларын 10-июлда эскерткен. (AiT)

XS
SM
MD
LG