Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:47

Эш Картер Ооганстанда АКШ аскерлеринин натыйжалуулугун көтөрүүгө умтулууда


АКШ коргоо министри Эш Картер менен Ооганстан президенти Ашраф Ганинин маалымат жыйыны. 12-июль, 2016-жыл.
АКШ коргоо министри Эш Картер менен Ооганстан президенти Ашраф Ганинин маалымат жыйыны. 12-июль, 2016-жыл.

АКШнын коргоо министри Эш Картер куралдуу күчтөргө ооган аскерлери менен биргеликте талиптерге каршы чабуулдарга катышууга жана Ооганстандагы аракеттеринин натыйжасын арттырууга буйрук берди. Ал ошондой эле ооган өкмөтүнүн коррупцияга каршы күрөшүүсү эл аралык колдоонун негизги шарты экенин 12-июлда Кабулда ооган президенти Ашраф Гани менен өткөрүлгөн маалымат жыйында билдирди.

Эш Картер Кабулда Ооганстандын аткаруучу директору Абдулла Абдулла жана АКШнын аскерлеринин башчысы генерал Жон У. Николсон менен жолугушту. Генерал Николсон президент Барак Обама тарабынан берилген ыйгарым укуктарды колдоно тургандыктарын билдирди.

Июнь айында президент Барак Обама Ооганстанда 2017-жылга чейин аскерлердин саны 8450 болуп, ал мурун айтылгандай 5500 чейин кыскартылбасын жарыялаган. Николсондун айтымында, АКШнын 3 миң аскери Ооганстанда кеңешчи милдетин аткарат. 2150 аскер аскерий операцияларга катышат, 3300 аскер ооган күчтөрүнө колдоо көрсөтөт. (AiT)

XS
SM
MD
LG