Линктер

Кыргызстандык көчө футболчулар Норвегия менен Уэльс командаларын жеңди


Кыргызстандын көчө футболу боюнча кыз-келиндер курама командасы. Глазго, 12-июль 2016.

Кыргызстандын көчө футболу боюнча кыз-келиндер курама командасы. Глазго, 12-июль 2016.

Ушул күндөрү Улуу Британиянын Глазго шаарында өтүп жаткан кыз-келиндер арасында көчө футболу боюнча дүйнө чемпиондугунда (Homeless World Cup) Кыргызстандын курама командасы кезектеги эки оюнда жеңишке жетти.

Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол федерациясы билдирди. Кыргызстандын командасы 12-июль күнү Уэльс командасы менен беттешип, 8:2 эсебинде утуп алган. Андан соң норвегиялык атаандаштарын 11:1 эсебинде жеңип алышты. Буга чейин Кот-д'Ивуар өлкөсүнүн оюнчуларын 1:0, АКШнын командасын 8:2 эсебинде утуп алышкан.

Көчө футболу боюнча дүйнө чемпиондугуна 15 команда катышып, эки топко бөлүнүп ойноодо.

Кыргызстан "В" тайпасында АКШ, Кот-д'Ивуар, Шотландия, Норвегия, Голландия, Уэльс жана Кения өлкөлөрүнүн оюнчулары менен ойноп жатат.

Төрт оюндан кийин Кыргызстандын көчө футболчулары 12 упай менен өз тайпасында Шотландиядан кийин экинчи катарда келе жатат. Шотландияда да 12 упай бар. Алар кыргыз көчө футболчуларынан бир аз гана кошумча көрсөткүчтөр менен алдыга озушкан.

Бүгүн, 13-июлда кыргызстандык оючулар Голландиянын жана Шотландиянын оюнчулары менен беттешет.

Финалдык оюндар 17-июлда болот. Көчө футболу боюнча Кыргызстандын командасы дүйнө чемпиондугуна 2007-жылдан бери катышып келет. Кыргызстандык көчө футболчулар 2009-жылы коло байге алса, 2013-жылы төртүнчү орунга ээ болгон. (ECh)

XS
SM
MD
LG