Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:27

Орусия, Иран жана Азербайжан президенттери Бакуда жолугушат


Баку.
Баку.

Үч өлкөнүн президенттеринин жыйыны август айынын башына белгиленди. Азербайжандын тышкы иштер министринин орун басары Ибрахим Рахимпур президенттер Владимир Путин, Хасан Роухани жана Илхам Алиев 8-августта жолугарын билдирди.

Бул маалымат чыгардан бир күн мурун Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров үч лидер “регионалдык кызматташуунун жаңы форматында” сүйлөшөрүн билдирген эле. Үч президенттин жолугушуусунун күн тартибинде экономикалык кызматташуу, эки тараптуу мамилелер жана Каспий деңизин пайдалануу боюнча келишим болмокчу. (AiT)

XS
SM
MD
LG