Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:41

Муфтият: Кыргыздын улуттук кийими динге дал келет, чагымга алдырбагыла


Кыргызстандын муфтияты Бишкектин ар кайсы жерлерине илинген жарнактарды "элдин ынтымагына доо келтирген жарнак" деп атады.

Бул боюнча бүгүн муфтият тараткан расмий билдирүүдө "Баарыбыздын колубуздагы эң кымбат байлык - бул элдин тынчтыгы менен биримдиги. Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгы кыргыздын улуттук кийимин динге дал келген кийим деп белгилейт жана улуттук баалуулук менен диний баалуулуктарга шайкеш келерин билдирет. Муфтият мындай нерселерге таасирленип чектен чыкпоого чакырат" деп айтылат.

Башкармалык бул маселенин алкагында тийиштүү мекемелерге кайрылып, мыйзам чегинде карап берүүнү суранды.

Кечээ Бишкектин айрым жерлеринде "Кайран элим, кайда баратабыз?" деген көрнөктөр илинди. Анда баш жагында кыргыздын улуттук кийимин кийген кыз-келиндердин, андан кийин бетин ак менен чүмкөгөн, ал эми соңунда таптакыр капкара болуп чүмкөнгөндөрдүн сүрөтү тартылган. (RK)

XS
SM
MD
LG