Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:05

ЕККУ Орусиянын “террорчу, экстремисттер” тизмесине камтамасын билдирди


“Ал тизменин жарыяланышы журналисттерге, алардын коопсуздугуна коркунуч туударат”,- деди ЕККУнун сөз эркиндиги боюнча өкүлү Дуня Миятович.

“Журналисттердин коопсуздугу мамлекеттин жоопкерчилигинде. Ал экстремизмге каршы күрөш мыйзамынын негизинде прокурордун чечими менен журналисттердин өмүрүн коркунучка салбашы керек” деп белгиленген Миятович 12-июлдагы билдирүүсүндө.

“Азаттыктын” вице-президенти жана башкы редактору Ненад Пейж “орус бийлиги Крымдагы окуяларды Кремлдин буйругуна карап эмес, чындыкты чагылдырганы үчүн журналист жана активисттерди тизмеге киргизген” деп 13-июлда билдирди. Орусиянын “экстремисттер жана террористер” тизмесине Крымда төрөлгөн 22 киши кирген. Алардын катарында журналисттер, жарандык активисттер жана Крымдын аннексиясын сындагандар менен кошо “Азаттыктын” кызматкери Николай Семена да бар. (AiT)

XS
SM
MD
LG