Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:27

Кыргызстан Кумтөр боюнча камактагы акцияларын бошотууга аракет көрө баштады


Кумтөр алтын кени

Кумтөр алтын кени

Онтарио Жогорку Сотунун чечими чыккан соң Кыргызстан камактагы акцияларын бошотууга аракет көрө баштады. Бул тууралуу "Азаттыкка" “Кыргызалтындын” жетекчи орун басары Бектур Сагынов билдирди:

- Соттун чечими чыкканга чейин ал жерде Валерий Белоконь жана Entes Industrial компаниясынын талабы боюнча биздин акцияларга жана "Центерра" жактан "Кыргызалтынга" төлөнүүчү дивиденддерге тыюу салынган. Эми биз сот чечиминен кийин ошол арестти алып салуу маселесин көтөрүп жатабыз.

Entes Industrial Plants Constraction & Erection Constracting компаниясы Бишкек-Ош жолун курууда Транспорт министрлиги өз милдеттенмелерин аткарбай жатат деген доомат коюп келет. Латвия жараны Валерий Белоконь болсо "Манас банкын" 2010-жылдан соң кыргыз бийлиги мыйзамсыз улутташтырган деген жүйөнү карманат.

Канадалык Stans Energy Corp. компаниясы Кеминдеги сейрек металлдар кездешчү Куттуу-Сай кенин иштетүү лицензиясы жокко чыгарылганына нааразы болуп келет.

Бул компаниялар Онтарионун сотуна кайрылып, “Кыргызалтындын” “Центерра Голддогу” акцияларын камакка алдырууга жетишкен. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG