Линктер

Жефф Шелл Орусияга киргизилбеди


АКШнын Чет элдик уктуруулар боюнча башкармалыгынын аткаруучу директорун Орусияга киргизбей коюшту. Башкармалыктын төрагасы Жефф Шеллдин паспортунда Орусиянын визасы болгонуна карабай "Шереметьево" аба майданында кармалып, андан ары жолун улантуусуна мүмкүнчүлүк берилген эмес.

Шелл 13-июлда Прагадан Москвага келген эле. Ал KLM авиакомпаниясынын учагы менен Амстердамга кайра учуп кеткенге чейин бир нече саат жабык жерде кармалган.

The New York Timesке берген маалыматында Шелл, ага өмүр бою Орусияга кирүүгө тыюу салынганы кабарланганын билдирген. Башкармалыктын өкүлдөрү АКШнын элчиси Жон Теффт менен 13-июлда жолугушуп, бул инцидентти талкуулашкан. Алар Мамлекеттик департамент жана элчилик тарабынан ага дароо көңүл бурулушун жогору баалашты.

Жефф Шеллдин Орусияга кирүүсүнө тыюу Вашингтон менен Москванын дипломатиялык мамилеси солгундап турган мезгилге туш келди. Жакында эле эки тарап экиден дипломаттарын чыгарган эле. (AiT)

XS
SM
MD
LG