Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:57

Британияда премьер-министр алмашты


Тереза Мэй.
Тереза Мэй.

Улуу Британия канышасы Елизавета II 13-июлда Дэвид Кэмерондун отставкасын кабыл алды. Консервативдик партиянын лидери Тереза Мэй расмий түрдө Улуу Британиянын премьер-министри болуп дайындалды.

Мэй акыйкатсыздык менен күрөшүүгө жана Евробиримдиктен чыккандан кийинки “мыкты Улуу Британияны курууга” сөз берди. Ал мындан тышкары альянстан чыгууну колдогон Англия менен Уэльс жана буга каршы болгон Шотландия менен Түндүк Ирландия ортосундагы ажырымды жоюп, биримдикти сактап калууга умтуларын айтты.

Улуу Британияда 23-июнда референдум өткөндөн кийин туруксуз абалга кептелген каржы базарын тынчытууга аракет жасай турганын кошумчалады.

Тереза Мэй жетектеген өкмөт курамында Евробиримдиктен чыгуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн министрлик пайда болот. Еврокомиссия төрагасы Жан-Клод Юнкер Мэйди тезинен Брюссель менен кеңешме өткөрүүгө чакырды.

XS
SM
MD
LG