Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:51

Ооганстанда окуучулардын кыргынын уюштурган адам жок кылынды


Пакистандын күч органдарынын жетекчилигинин ырасташынча, талиптердин лидерлеринин бири делген Умар Мансур Ооганстанда америкалык учкучсуз учактын чабуулунан кийин тындым болду. Пентагон 13-июлда Мансур жана дагы төрт согушкер Нангархар провинциясындагы аба чабуулунан жок кылынганын тастыктады.

Умар Нарай жана Халид Хурасани деген ысымдар менен да белгилүү болгон Мансур 2014-жылы Пешавардагы мектепrе кыргын салгандардын бири. Кандуу окуя үчүн жоопкерчиликти аларын жарыялаган. Ал кездеги кол салуудан 150 адам каза тапкан. Анын 144ү балдар. Умар Мансур мындан тышкары быйыл Пакистандын түндүк-чыгышындагы университетке кол салууну уюштурган. Анда 21 адам, студенттер менен окутуучулар курман болгон.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG