Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:48

Орусия-НАТО кеңеши Украинадагы каатчылыкты талкуулады


НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг маалымат жыйынында.
НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг маалымат жыйынында.

НАТОнун элчилери менен Орусия өкүлдөрүнүн 13-июлдагы Брюсселдеги жолугушуусу 2014-жылдан бери экинчи ирет өттү. Орусия-НАТО кеңешинин жолугушуусунун күн тартибиндеги биринчи маселе Украинага арналды. Украинадагы каатчылык башталганы тараптардын мамилеси сууп кеткен эле. Сүйлөшүүдөн кийинки басма сөз жыйынында НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг мунаса табылбаса да ачык жана пайдалуу жолугушуу болгонун билдирди:

-Орусиянын Украинадагы аракеттери евроатлантикалык коопсуздукка доо кетирди. НАТО менен Орусия өнөктөштөрүнүн бул каатчылык боюнча олуттуу пикир келишпестиктери бар. Бүгүн дагы биздин көз караштарыбыз төп келбеди. Бирок позицияларыбызды тактап, Украинадагы абал боюнча пикир алмашууга шарт түзүлдү.

НАТО Орусиянын Крымды аннексиялап алышын тааныбай турганын ырастоодо.

XS
SM
MD
LG