Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:14

Атамбаев талкуу жараткан жарнактар бардык аймактарда илиниш керек деп эсептейт


Президент Алмазбек Атамбаев коомдо кызуу талкуу жараткан жарнактар Бишкекте гана эмес, республиканын бардык аймактарында илинишин каалайт. Бул тууралуу ал ушу тапта Бишкекте Германия канцлери Ангела Меркел менен жолугушуудан кийин уюштурулган пресс-конференцияда айтты.

- Мен президенттик аппарат башчысына ошол банерлерди илип жаткандарга финансылык жардам көрсөтүлсүн деп буйрук бердим, - деди Атамбаев.

Президент кыргыздар өмүр бою адал деп айтып келгенин, кийин эле халал деген сөз тараганын айтып, кийим маданияты да таңууланып жатканын белгилеп, зомбулук ушундайдан башталарын айтты.

"Чоочун маданиятты таңуулоого эч кимдин укугу жок. Динге жамынып таңуулап жатышат. Мен Куранды толук окуп чыккам, анда "адамды өлтүрүү бүткүл дүйнөнү жок кылуу менен барабар" деп жазылган" деген президент чыныгы ислам дини эч убакта зомбулукка үндөбөшүн белгиледи. (RK)

XS
SM
MD
LG