Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:25

Бишкектин көчөлөрүн жаңы машиналар жууй баштады


14-июлдан тарта Бишкектин көчөлөрүн жууган 9 машинага дагы 3 жаңы атайын техника кошулду. Мэриядан кабарлашкандай, «Тазалык» ишканасынын кызматкерлери үчүн берилген «МАЗ» машиналарынын ичинде кондиционер, жылыткыч бар. Ал көчө жуугандан тышкары кышында кум сепкенге ылайыкташкан.

Бишкектин көчөлөрү быйыл жаздан баштап жуула баштады. Күнүгө таң азандан "Тазалыктын" 500дөй кызматкери 40 атайын техника менен ишке чыгат. (RK)

XS
SM
MD
LG