Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:54

Путин Тереза Мей менен диалог курууга даярдыгын билдирди


Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мей.

Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мей.

Орусиянын президенти Владимир Путин Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мей менен “актуалдуу суроолор” боюнча “конструктивдүү диалог” курууга даяр экендигин мамлекет башчынын маалымат кызматы шаршембиде билдирди.

Мейдин дарегине жөнөтүлгөн Путиндин телеграммасында “бир топ жылдан бери топтолуп келген орус-британ кызматташуусундагы потенциалды сактап калуу жана көбөйтүү эки өлкөнүн негизги кызыкчылыктарына жооп берет” деп жазылган.

Телеграммада Путин ошондой эле Британиянын мурдагы премьер-министри Дэвид Кэмеронго ыраазылык билдирип, Кэмерондун саясий тажрыйбасы келечекте Британия үчүн да, эл аралык коомчулук үчүн да пайдалуу болоруна үмүттөнөрүн жазган.

Өткөн айда Путин Британиянын Евробиримдиктен чыгуусу бир гана Европа эмес Орусияга да кедергисин тийгизерин эскерткен. Соңку жылдары Лондон менен Москванын алакасы солгундап кеткен. Британия Орусиянын Украинанын чыгышындагы аракеттери үчүн Батыштын Москвага санкция киргизишин активдүү колдоп келген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG