Линктер

Рио-де-Жанейродо (Бразилия) августта өтүүчү XXXI Олимп жана XV Паралимп оюндарына катышуучу кыргызстандык спортчулардын даярдыгы боюнча уюштуруу комитетинин кезектеги отуруму өттү.

Вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева өткөргөн жыйында кыргызстандык команданын спорттук жана иш-чаранын ачылышында кие турган салтанаттуу формасынын жаңы үлгүлөрү көрсөтүлдү.

Кыргызстандык спортчуларда Олимп оюндарына 18, Паралимп оюндарына 3 жолдомо бар. Ушул жылдын февраль айынын аягында Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик Олимп оюндарына катыша турган спортчулар үчүн формага сынак жарыяланган.

Маалымдалгандай, форма баш кийим жана түрдүү аксессуарларды камтыган комплектиден туруп, кыргыздын улуттук колоритинде жараша жасалышы зарыл болчу. Сынактын жеңүүчүлөрү 50 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлык уткандан тышкары кийим тигүү боюнча келишим түзүү укугуна ээ болмок.

Спорттук кийимдерди Joma компаниясы, ал эми салтанаттуу азем форманы дизайнер Дилбар Ашымбаеванын ишканасы тиккени белгилүү болду.

Салтанаттуу жүрүштүн кийими 40 миң сом, спорттук форма да 40 миң сом деп бааланууда. Жалпысынан 4,5 миллион сом жумшалары айтылды. (ECh)

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG