Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:47

Шахризабс шаарынын тарыхый бөлүгү жок болуп кетчү объекттер тизмесине кирди


Өзбекстандагы Шахризабс шаарынын тарыхый бөлүгүндө курулуш жүрүүдө.
Өзбекстандагы Шахризабс шаарынын тарыхый бөлүгүндө курулуш жүрүүдө.

Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк мурастар боюнча комитети Өзбекстандагы Шахрисабз шаарынын тарыхый бөлүгүн жоголуп кетүү коркунучунда калган объекттер тизмесине киргизди. Шаршембиде жарыяланган комитеттин билдирүүсүндө Шахризабстын бул тизмеге киргизилишине анын тарыхый бөлүгүндө башталган курулуш себеп болгону маалымдалат.

Комитет шаардын туристтик инфраструктурасын өнүктүрүү максатында анын орто кылымга таандык бөлүгүндө башталган курулуш боюнча тынчсыздануусун билдирди. Комитет мейманканалардын жана башка заманбап имараттардын курулушу Шахризабстын тарыхый бөлүгүндө жоюлгус так калтырганын баса белгилейт. Комитет ЮНЕСКОдон шаарга бүлүнүүнүн деңгээлин аныктоо үчүн атайын миссия жөнөтүп, кайра калыбына келтирүү үчүн чараларды карап көрүүгө чакырды.

2000 жылдан ашуун тарыхы бар Шахризабс шаары Өзбекстандын түштүгүндө, бир кезде Жибек Жолунун бир бөлүгү өткөн аймакта жайгашкан. XIV жана XV кылымдарда ал Кеш районунун маданий жана саясий борбору болуп турган. Комитет билдиргендей, шаар түрк-монгол лидери Амир Тимур бийликте турган маалдан калган диний жана светтик эстеликтердин топтому менен таанымал. Шахризабстын тарыхый бөлүгү Дүйнөлүк мурастар тизмесине 2000-жылы киргизилген.

XS
SM
MD
LG