Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:13

Германиянын канцлери Ангела Меркелдин Кыргызстанга сапары эки тараптуу кызматташтыкты бекемдеп, келечектүү долбоорлорго инвестиция тартууга көмөк болот. Бул тууралуу Бишкекке расмий сапар менен келген канцлер Ангела Меркел менен жолугушууда Жогорку Кеңеш төрагасы Чыныбай Турсунбеков билдирди.

Жолугушууда парламент аралык диалогдун орчундуу багыттары, экономикалык байланыштарды бекемдөө тууралуу сөз болуп, айрым эл аралык маселелер да талкууланды.

Турсунбеков былтыр Кыргызстанда парламенттик шайлоо ачыктыкты камсыз кылган жаңы ыкма менен уюштурулганын, келерки жылы президенттик шайлоону да ушул тажрыйбанын негизинде өткөрүү каралып жатканын белгиледи.

Ошону менен катар төрага коррупция, сот системасын, күч түзүмдөрүн реформалоо, улуттук экономиканы либералдаштыруу жаатында иш уланып жатканын, бул боюнча Европа биримдигинин, анын ичинде Германиянын колдоосу керектигин айтты.

Ангела Меркел Германия Кыргызстанга көрсөткөн ар тараптуу жардамын уланта берерин, немис тарап кыргыз бийлигинин парламенттик демократия куруу аракетин жогору бааларын белгиледи. (RK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG