Линктер

Бразилияда француз делегациясына чабуул даярдалып жаткан


Бразилиянын коопсуздук күчтөрүнүн кызматкерлери. Сальвадор шаары.

Бразилиянын коопсуздук күчтөрүнүн кызматкерлери. Сальвадор шаары.

Бул тууралуу Франциянын чалгындоо кызматынын башчысы билдирди. Анын айтымында, Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өтө турган Олимпиада оюндарында француз делегациясына экстремист согушкер чабуул даярдап жатканы маалым болгон. Генерал Кристоф Гомар бул тууралуу майда өткөн парламенттик угуулардын биринде билдиргени 13-июлда анык болду.

Гомар боолгонуп жаткан чабуул тууралуу өнөктөш кызматтардан маалым болгонун айтып, майда-чүйдөлөрүнө токтолгон эмес. Ал эми Бразилиянын чалгын кызматынын башчысы Вильсон Роберто Трезза 13-июлда жасаган билдирүүсүндө Франция айтылган терорристтик чабуул боюнча алар менен байланышпаганын айтты. Трезза Бразилиянын расмий өкүлдөрү 5-21-августта өтө турган оюндарда болжолдонгон коркунучтардын алдын алуу үчүн бардык чараларды көрүп жатышканын кошумчалады.

Бразилиянын коопсуздук күчтөрү радикал топтордун болжолдуу тарапташтары отурат деген сүйлөшүү чаттары жана байланыш каражаттарынын бардыгы иликтөөгө алынганын билдиришти.

Өлкө бийлигинин маалыматына ылайык, алдыдагы оюндарда тартипти коопсуздук күчтөрүнүн 85 миңдей кызматкери көзмөлдөйт. Бул сан Лондондогу коопсуздукту камсыздаган кызматкерлердин санынан эки эсе көп.

XS
SM
MD
LG