Линктер

Кабул: талиптер менен сүйлөшүү планда жок


Ооганстандын президенти Ашраф Гани.

Ооганстандын президенти Ашраф Гани.

Ооганстандын президенттик администрациясы “Талибан” террордук кыймылы менен жаңы тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоо планда жоктугун билдирди. Президент Ашраф Ганинин маалымат катчысы Харун Чахансури бүгүн жасаган билдирүүсүндө талиптер менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн өткөрүү үчүн түзүлгөн төрт өлкөдөн турган топ жаңы сүйлөшүүлөрдү баштоону болжошпогонун айтты. Бул топко Ооганстандан тышкары Пакистан, Кытай, АКШ кирет. Топ жыл башынан бери талиптер менен сүйлөшүү үчүн беш жолугушуу өткөргөн, бирок “Талибан” кыймылынын өкүлдөрү бул жыйындарга катышуудан баш тартышкан. Ашраф Гани Исламабадды “Талибандын” лидерлерин жашырып келет деп айыптайт. Пакистандын расмийлери бул айыптоолорду четке кагып келишет.

Өз билдирүүсүндө Чахансури Ооганстандын аймагында ишмердүүлүк жүргүзгөн террористтик топтор Пакистандан колдоо алып жатканын дагы бир ирет белгиледи.

2014-жылы президенттикке келээр алдында Ашраф Гани “Талибан” жана аны менен байланышы бар “Хаккани тармагы” менен алака түзүүгө даяр экенин айткан. Бул жылы уюштурулган бир нече теракттан кийин Гани талиптерге колдоо көрсөтүү токтотулмайынча Пакистан менен сүйлөшпөстүгүн билдирген.

XS
SM
MD
LG