Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:55

Ниццадагы кандуу каргаша

Ницца шаарында бейшемби күнү кечиндеги калабада сексенге жакын адам набыт болду. Маалыматтарга караганда, “Бастилия алынган күнү” белгиленип жаткан учурда жүк машиненин айдоочусу унааны топтолуп турган адамдарды көздөй айдап, кишилерди сүзүп, тебелеп кеткен. Курман болгондордон тышкары көп адамдар жарадар болушкан.

Кол салуу фейерверк атылып жаткан кезде болгон. Маалымдоо каражаттарынын кабарлашынча, айдоочу топтолгон адамдарды тебелеткен соң туш келди ок аткан. Автоунаанын ээси тартип сакчылары аткан октон өлдү. Полиция унаада куралдар болгонун аныктады.

XS
SM
MD
LG