Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:12

Индия Кыргызстанда табылган будданын эстеликтерин оңдоого көмөктөшөт

Чоңдугу Самарканддан кийинки эле байыркынын мегаполиси эсептелген Невакент, же болбосо Красная Речка -Кызыл Өзөн аталган Чүй өрөөнүндөгү шаарда дагы бир будда храмы табылган. Андагы кечилканада беш метрлик түштүк-чыгышты карап отурган Будданын айкели да болгон. 2014-жыл

Бул тууралуу Илимдер академиясынын президенти Абдыганы Эркебаев менен Индиянын Кыргызстандагы элчиси Жаянт Кхобрагаде менен жолугушууда билдирди.

Жолугушууда эки өлкө ортосундагы илимий жааттагы кызматташтык маселелери талкууланды. Анын жүрүшүндө Индия элчиси Кыргызстандын аймагында табылган буддисттик эстеликтерди реставрациялоого көмөктөшүүгө даярдыгын билдирген.

Ошондой эле Индия Бишкектеги Ботаникалык бакчадагы өсүмдүктөрдүн көп түрдүүлүгүн артыруу жаатында кызматташууга кызыкдарлыгын айткан.

Буга чейин Кыргызстанда буддисттик эстеликтер Ысык-Көл, Чүй облустарынын аймагында табылган эле.(BkA)

XS
SM
MD
LG