Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:27

Академик Кайып Оторбаевдин эстелиги тургузулду


Кайып Оторбаев.
Кайып Оторбаев.

Бүгүн Ала-Арча көрүстөнүндө белгилүү окумуштуу, академик Кайып Оторбаевге тургузулган эстеликтин ачылышы өттү. Ага маркумдун жакындары, окумуштуулар, коомдук ишмерлер катышты.

Айкелдин ачылышында сөз сүйлөгөндөр Оторбаевдин окумуштуу жана коомдук ишмер катары өз изин калтырганын белгилешти.

Кайып Оторбаев былтыр 93 жашында дүйнө салган.

Кайып Оторбаев 1922-жылы Кемин районунун Тегирменти айлында туулган. Ата Мекендик согуштун катышуучусу.

Экономикалык жана социалдык география адиси Оторбаев бир нече жыл Улуттук университетти башкарган.(BkA)

XS
SM
MD
LG