Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:26

Биринчи Май райондук соту Саматовдун өтүнүчүн канаттандырбады


Жыргалбек Саматов.
Жыргалбек Саматов.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жыргалбек Саматовдун арызын канааттандырган жок. Бул тууралуу БШКдан кабарлашты.

Сотко жазган арызында Саматов депутаттык мандатын жокко чыгарган Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин мыйзамсыз деп таап, аны жокко чыгарууну өтүнгөн.

Ишти караган сот Саматовдун Орусия жарандыгын алганы аныкталганын негиз кылып, экс-депутаттын өтүнүчүн четке какты.

Борбордук шайлоо комиссиясы 8-июлда Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Саматовду мандатынан ажыраткан. Буга Орусиянын Башкы прокуратурасынын Саматовдун орус жарандыгын алгандыгын ырастаган документтери негиз болду.

Үчүнчү жолу мандатынан ажыраган Саматов дагы соттошорун, орус жараны эместигин далилдерин жарыялаган.(BkA)

XS
SM
MD
LG