Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:18

Монголияда Азия жана Европа өлкөлөрүнүн саммити өтүүдө


Германия канцлери Ангела Меркель менен Орусия премьер-министри Дмитрий Медведев. Монголия, Улан-Батор. 15-июль, 2016.
Германия канцлери Ангела Меркель менен Орусия премьер-министри Дмитрий Медведев. Монголия, Улан-Батор. 15-июль, 2016.

Монголиянын борбору Улан-Батордогу Европа жана Азия өлкөлөрүнүн лидерлеринин саммити (ASEM) Франциянын Ниццадагы терактта каза болгондорду эскерүү менен башталды.

Ар эки жылда өтүүчү саммитке быйыл 20 жыл болду. Эки күндүк саммиттин күн тартибиндеги негизги маселе терроризм менен күрөш. Андан тышкары саммитте өлкөлөр ортосундагы авиация, соода жана бир катар башка тармактагы кызматташтыкты өнүктүрүү жолдору талкууланат. Кытай "Бир кемер - бир жол" деп аталган Евразия континентиндеги инфраструктураны өнүктүрүү программасын сунуштайт. ASEMдин лидерлери Улуу Британиянын Евробиримдиктен чыгышынын кесепеттерин да талкууланары күтүлүүдө. Британиянын министрлер кабинетиндеги акыркы өзгөрүүлөрдөн улам саммитке ал өлкөнүн жогорку өкүлчүлүгү катыша алган жок.

Саммиттин алкагында орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев менен Германиянын канцлери Ангела Меркелдин эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү. Алар Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча Минск келишимдеринин ишке ашыруусун талкуулашты.

XS
SM
MD
LG