Франциянын Ницца калаасында 14-июлдун кечиндеги кол салуудан каза тапкан жана жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, министрлик өкүлдөрү алдын-ала териштирүү иштерин жүргүзгөн.
Ницца шаарында бейшембинин кечиндеги калабада 84 адам набыт болду. Маалыматтарга караганда, “Бастилия алынган күнү” белгиленип жаткан учурда жүк машиненин айдоочусу унааны топтолуп турган адамдарды көздөй айдап, кишилерди сүзүп, тебелеп кеткен. Курман болгондордон тышкары көп адамдар жарадар болушкан. Француз бийликтери окуяны теракт деп атады.(BkA)