Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:42

Франция Ниццадагы калабада набыт болгондорго үч күн аза күтөт


Франция, Ницца шаары.
Франция, Ницца шаары.

Франциянын Ницца шаарында 80ден ашуун адамдын өмүрүн алган жүк ташуучу унаанын айдоочусунун тек-жайы аныкталды. Полиция менен атышуу учурунда жок кылынган жанкечти 31 жаштагы тунистик француз экендиги айтылууда.

14-июлда кечинде салмагы оор жүк ташуучу унаа катуу ылдамдыкта майрамга чогулган элди тебелеп, эки чакырымга жакын жолдогу адамдарды жок кылган.

Набыт болгон 84 кишинин көпчүлүгү жаш балдар. Калабадан 100дөн ашуун адам жарат алып, алардын 18и оор абалда.

Азырынча калабанын жоопкерчилигин бир да уюм мойнуна ала элек.

XS
SM
MD
LG